Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Биринчи жолу! “Элдик Банктан” Ижара МБ – Бизнес

12 июня 2025

Биринчи жолу! “Элдик Банктан” Ижара МБ – Бизнес

Кыргызстанда жаңы ислам каржы продукту –  «Ижара МБ - Бизнес» банктар арасында биринчи ирет ишке ашырылууда

«Элдик Банк» ААК Ислам терезесинин алкагында жеке ишкерлер жана юридикалык жактар ​​үчүн «Ижара МБ - Бизнес» жаңы продуктун сунуштайт.

Каржылоонун максаты:

Ижара мунтахия биттамлик (Ижара МБ) келишими боюнча андан ары сатып алуу менен мүлк ижарасы, анын ичинде:

- Айыл чарба техникасынын бардык түрлөрү жана асылма /чиркегич жабдуулары;

- Атайын техникалар,

- Өнөр жай/технологиялык/өндүрүштүк жана башка жабдуулар;

- Бизнес үчүн имараттар, курулмалар жана башка мүлктөр.

Каржылоо шарттары:

🔹 Алгачкы төлөм: мүлктүн наркынын 10% баштап (биринчи төлөм катары колдонулат)

🔹 Каржылоо суммасы: 50 000 сомдон баштап

🔹 Мөөнөтү: 72 айга чейин

🔹 Сый акы:

- айына 1,42%дан сом менен*

- айына 0,75%дан АКШ долларында*

* (Ижара МБ келишими боюнча ижара акысы катары эсептелет жана мүлктүн мөөнөтүнө жана наркына жараша болот).

Күрөө менен камсыздоо:

- Мүлктүн наркынын 30% өлчөмүндө баштапкы төлөмдө -  алынуучу мүлк төлөп кутулуу кепилдиги болуп саналат.

- 30%дан аз баштапкы төлөмдө  - кошумча күрөө (кыймылсыз мүлк) талап этилет.

- Атайын жабдуулар үчүн -  күрөөлүк камсыздоо катары  ал жайгашып  турган жери менен имарат берилиши зарыл.

«Ижара МБ Бизнес»  - бул ислам каржылоо принциптерине ылайык, бизнеске керектүү мүлктү ыңгайлуу шарттарда андан ары сатып алуу  менен ижарага алуу мүмкүнчүлүгү!