«Элдик Банк» ААКнун делегациясы Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен жолугушуу өткөрдү
Пекин шаарында «Элдик Банк» ААК менен Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (ГБРК) ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууда тараптар кызматташууну чыңдоо жана өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү ниетин ырасташты.
Жолугушууга «Элдик Банк» ААКнын Башкармалыгынын Төрагасы Уланбек Ногаев жана ГБРКнын Башкармалыгынын Төрагасы урматтуу Тан Цзюн катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында т
өмөнкү үч багыт боюнча жаңы кредиттик линияларды ачуу боюнча макулдашууларга жетишилди:
- кичине жана орто бизнести колдоо;
- лизингди каржылоо;
- туруктуу өнүгүү долбоорлорун ишке ашыруу — мини-ГЭСтер, күн панелдери жана башка кайра жаралуучу энергия булактары (КЖЭ) боюнча демилгелер.
Жолугушууда жашыл каржылоону өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. “Элдик Банк” КЖЭ жана туруктуу насыя продуктылары боюнча стратегиялык багытты кармана берерин ырастады.
— Биз кытайлык өнөктөштөрүбүздүн ишенимин жогору баалайбыз. Жаңы кредиттик линиялардын ачылышы Кыргызстан үчүн бизнес менен жашыл экономиканы өнүктүрүүдө дагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биз мындан ары да республиканын туруктуу экономикалык өсүшүнө багытталган демилгелерди жигердүү колдоону улантабыз, — деди Уланбек Ногаев.
Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2024-жылы ачылган кредиттик линияны “Элдик Банк” ийгиликтүү өздөштүргөнүн жогору баалады.