«Элдик Банк» ААК делегациясы ШКУ БАБ Кеңешинин отурумуна катышты
Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Банктар аралык бирикмесинин (ШКУ БАБ) Кеңешинин жыйыны болуп өттү. Ага “Элдик Банк” ААКнын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын алкагында банктар аралык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары талкууланды. Атап айтканда, көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, кадрларды даярдоо, бирикменин курамын кеңейтүү жана эл аралык каржылык институттар менен өз ара кызматташуу маселелери каралды.
Банк үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон чечим — Кыргыз Республикасына төрагалыкты өткөрүп берүү жөнүндө Кеңештин кабыл алган токтому. 2025-жылдын 26-октябрынан 2026-жылдын 25-октябрына чейин Элдик Банктын Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев Банктын атынан ШКУнун Аймактык банктар кеңешине төрагалык кылуу милдетин аткарат.