Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Элдик Банк» Кыргызстандын аймактарында ишкер айымдарды колдоону күчөтүүдө

18 июня 2025

«Элдик Банк» Кыргызстандын аймактарында ишкер айымдарды колдоону күчөтүүдө

18-июнь күнү Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгеги сиңген, көрүнүктүү жана саясий ишмер Зууракан Кайназарованын туулган күнүнүн урматына “Элеттик аялдар” күнү белгиленүүдө. Бул күн элет жергесинде жашаган аялдардын өлкөбүздү өнүктүрүүгө кошкон салымын баалоого, ошондой эле, алардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга арналган.

Ушул күнү Элдик Банк айыл жериндеги аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө умтулуусун баса белгилеп, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү программаларды ишке жигердүү ашырууда.

“Ишкер-Айым” аталышындагы кредиттик продукт мындай демилгелердин бири болуп калды, ал аялдарга ар кандай багыттарда жеңилдетилген каржылоого мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Аталган Программанын чегинде ондогон аялдар мал чарбасы, транспорт, курулуш, даярдоо, соода, өндүрүш жана башка тармактарда өз иштерин ачышты жана кеңейте алышты. Продукт ишке ашырылгандан бери эң көп кредиттер Ноокен, Жалал-Абад, Раззаков, Кербен аймактарда берилген, бул аялдар тараптан каржылык колдоого муктаждык жогору жана алар өз бизнесин өнүктүрүүгө даяр экендигинен кабар берет.

Элдик Банк аялдардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн мындан ары кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте аймактардагы аялдардын бизнес демилгелерин туруктуу колдоого багытталган жаңы продуктуну — «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү» продуктусун иштеп чыкты.

- Аймактарда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү - бир гана теңчилик эмес, туруктуу экономикалык өсүштүн маанилүү фактору болуп саналат. Аялдарды колдоо менен, биз бүтүндөй үй-бүлөнү, коомчулукту жана өлкөнүн келечегин колдоп жатабыз, — деп белгилейт «Элдик Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев. — Биз аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө туруктуу экономиканы өнүктүрүүнүн, коомчулуктун гүлдөп-өсүшүн жана жалпы адилеттүү келечекти куруунун ачкычы экенине чын жүрөгүбүздөн ишенебиз. Мына ошондуктан биздин Банк өлкөнүн бардык аймагында финансылык инклюзияга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууну улантуу ниетинде.

Маалымат үчүн. БУУнун Өнүгүү программасы 2030-жылга карата жумушчу күчүнүн катышуусундагы гендердик ажырымды азайтуу дүйнөлүк ИДПны 3,6% га көбөйтүп, өтө жакырчылыкты 0,5% кыскарта аларын белгилейт. CABAR.asia  маалыматына ылайык, Кыргызстанда ишкер айымдардын саны көп болгонуна карабастан, алардын жалпы ишкерлердин санынын арасындагы үлүшү, болгону, 30%ды түзөт.