Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Google Pay - РСК Банк

Google Pay - NFC колдоосунда Android смартфондору менен төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасы. Бул кардарлар үчүн эң жакшы жеңилдик, ал сизге Google аккаунтуңуз менен эле сатып алуулар үчүн тез жана оңой төлөөгө мүмкүндүк берет, төлөмдөр бардык жерде картанын өзүн көрсөтпөстөн кабыл алынат. Азыркы учурда  бул дүйнөнүн 45тен ашуун өлкөсүндө кеңири колдонулуп жатат.

 

Google Pay аркылуу төлөмдүкантип жүргүзүү керек?

• биринчиден, Android (5.2 жана андан жогорку версиясы) үчүн Google Play ден Google Wallet тиркемесин жүктөп алыңыз  же pay.google.com сайтын ачыңыз;

• Google аккаунтуңузга кирип, төлөм ыкмасын – РСК Банктан Visa картасын кошуңуз;

• Сиз колдонуп жаткан аппаратта дүкөндөрдөгү төлөмдөр үчүн NFC технологиясы иштей турганын текшерип коюңуз.

 

Байланышсыз төлөмдү кантип орнотуу керек?

1. Google Walletти ачыңыз;

2. Экрандын жогорку оң бурчунда профилиңиздин сүрөтүн, андан соң "Байланышсыз төлөөнү орнотууну" дегендерди басыңыз;

3. Google Wallet жардамы менен байланышсыз төлөм даяр экендигин текшериңиз:

• аппаратыңызга NFC функциясын туташтырыңыз («Орнотуулар» «Настройки» бөлүгүндө);

• андан кийин Google Pay дегенди төлөм тиркемеси катары коюңуз;

• байланышсыз төлөм ыкмасын кошуңуз;

• экранды (PIN код, графикалык ачкыч же манжа изи) кулпулаңыз (блоктоңуз);

• телефонуңуз коопсуздук талаптарына жооп берерине (программалык камсыздоосу (прошивка) өндүрүүчүнүн өзүнөн жана өзгөртүүгө (модификация) дуушар болбогон болушу керек);

• Эгерде бардык шарттар аткарылса, төлөмдөрдү телефонуңуз аркылуу байланышсыз эле жүргүзө аласыз.

 

Сатып алуулар үчүн төлөөдө сизге булар зарыл:

• аппараттын экранынын кулпусун (блогун) ачуу;

• аны арткы панели менен контактсыз төлөм терминалына алып келиңиз;

• экрандагы нускамаларды аткарыңыз.

Google Pay - күн сайын коопсуз төлөө ыкмасы. Камтылган маалыматтарды коргоп турган тутумдагы тиркеме аркылуу сатып алууларды төлөө банк картасы же нак акча менен төлөгөнгө караганда ишенимдүү. Google аккаунтуңузга кошулган маалыматтар компаниянын серверлеринде купуя сакталып турат.

Мындан тышкары, сиз экранды кулпулоо (блоктоо) жана PIN-кодду, графикалык ачкычты же манжа изин орнотуу менен маалыматтарды коргоо деңгээлин өзүңүз деле жогорулата аласыз. Эгерде, телефонуңуз жоголуп же уурдалып кетсе, сиз “Аппаратты табуу) кызматы аркылуу төлөм маалыматыңызды коргой аласыз. Бул сизге телефонуңузду аралыктан кулпулоого, Google аккаунтуңуздан чыгууга же аппаратыңыздагы маалыматтарды өчүрүп таштоого мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, Google Wallet аркылуу мобилдүү телефондордон тышкары Wear OS тиркемесин орнотуу менен акылдуу сааттар аркылуу төлөмдөрдү жүргүзө аласыз.

Нускама бул жакта.