Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банктан 3% менен газдаштыруу мүмкүнчүлүгү

16 мая 2025

Элдик Банктан 3% менен газдаштыруу мүмкүнчүлүгү

Элдик Банк «Газдаштырууга жеңилдетилген каржылоо – 3» аттуу жаңы программасын ишке киргизди. Бул программа жылдык 3% менен, кепилдиксиз жана күрөөсүз кредит алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары жылуулук жабдууларын орнотуу үчүн төмөнкү шарттар менен каржылоого ээ боло алышат:

Пайыздык чен – 3% (Жылдык эффективдүү чен – 3,1%)
Кепилдик жана күрөө талап кылынбайт
Кредиттин суммасы – 150 000 сомго чейин
Мөөнөтү – 12 же 24 ай

Кредитти төмөнкү максаттарга колдонсо болот:
• Газ казандарын сатып алуу жана орнотуу
• Курулуш жана монтаждоо иштери
• Зарыл болгон материалдарды сатып алуу
• Газдаштырууга буга чейин алынган кредиттерди кайра каржылоо

«Газдаштырууга жеңилдетилген каржылоо – 3» программасы туруктуу өнүгүүгө салым кошуп, өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууну максат кылат. Табигый газга өтүү – абанын булганышын азайтып, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Программа ОсОО «Газпром Кыргызстан» менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Министрлер Кабинетинин Бишкек шаары жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Үйүңүздү Элдик Банк менен газдаштырыңыз — ишенимдүү, ыңгайлуу жана пайдалуу!

🔹 Кошумча маалымат алуу үчүн:
📞 9111
🌐 Веб-сайт: https://eldik.kg

📄 Улуттук банктын лицензиясы №033