«Элдик Банк» Борбор Азия климаттык конференциясына катышууда
«Элдик Банк» Ашхабад шаарында өтүп жаткан Борбор Азия климаттык конференциясына катышууда.
2025-жылдын 13-15-май күндөрү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында маанилүү регионалдык иш-чара — «Борбор Азиядагы климаттык өзгөрүүлөр боюнча конференция» өтүүдө. Анын темасы: «Климаттык каржылоодогу глобалдык максаттарга Борбор Азиядагы регионалдык жана улуттук аракеттер аркылуу жетишүү».
«Элдик Банк» — Борбор Азиядагы жалгыз банк катары конференциянын «Кыргыз Республикасындагы климаттык каржылоо: жергиликтүү банктарды глобалдык өнөктөштөргө айлантуу» сессиясында баяндама жасады. Банктын ESG боюнча туруктуу өнүгүү департаментинин жетекчиси Айджан Кариева банк тарабынан жашыл каржылоо тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер, климаттык багыттагы продуктыларды ишке киргизүү, эл аралык институттар менен өнөктөштүк жана көмүр кычкыл газынын изин азайтуу стратегиялары тууралуу айтып берди.
Конференция климаттык өзгөрүүлөрдүн макроэкономикага тийгизген таасирин, тобокелдиктерди жана туруктуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулай турган негизги аянтча болуп калды. Ошондой эле климаттык каржылоо жаатында сценарийлерди жана саясаттарды иштеп чыгуу маселелери каралууда.