Элдик Банк БУУнун Глобалдык келишиминин Борбор Азиядагы көп өлкөлүү түйүнүнүн ачылышына катышты!
ААК «Элдик Банк» Борбор Азиядагы БУУнун Глобалдык келишиминин регионалдык түйүнүнүн расмий ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чара Казакстан Республикасындагы БУУнун Туруктуу координаторунун кеңсесинин колдоосу менен Алматы шаарындагы UN Plaza имаратында өттү.
«Регионалдык кызматташтык жана туруктуу өнүгүү: тажрыйба жана келечек» темасындагы панелдик талкуунун алкагында Башкармалыктын төрайымынын орун басары Айчүрөк Жакыпова чыгып сүйлөп, банк тарабынан туруктуу өнүгүү жаатында көрүлүп жаткан аракеттер жана ыкмалар тууралуу айтып берди.
БУУнун Глобалдык келишими Борбор Азиядагы 130дан ашуун компанияны бириктирет, жана биз бул жоопкерчиликтүү жана туруктуу келечек үчүн кыймылдын бөлүгү болгонубузга сыймыктанабыз.
Мындай маанилүү иш-чарага катышуу — бул биздин ESG-принциптерге, эл аралык кызматташтыкка жана финансы секторунда туруктуу чечимдерди алдыга жылдырууга берилгендигибиздин далили.