Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Карта жөнүндө

VISA Gold Economy  – VISA International эл аралык төлөм системасынын заманбап төлөм картасы. Ортодон жогору жетишкен ишкер элдер үчүн статустук карта.

VISA Gold PCL  менен кадимки эле операцияларды: Visa логотиби менен каалаган соодалык-сервистик ишканалардан накталай акчаларды алуу жана сатып алууларды гана жүргүзбөстөн, дагы эл аралык Priority Pass, IAPA программмалары боюнча жеңилдиктерди жана кошумча тейлөө кызматтарын алууга да болот.

Priority Pass клубдук карта

  • Тез-тез саякаттоочу бизнесмендер үчүн идеалдуу артыкчылык.

Аэропорттордун залдарына жетүүнүн Уникалдуу Программасы тез-тез саякаттоочу бизнесмендер үчүн атайы иштелип чыккан. 

Priority Pass Ассоциациясы биздин кардарларга бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча 450дөн ашык аэропорттордун VIP –залдарына жетүү мүмкүндүгүн берет.  Кардар  VIP –залдарга жетүү үчүн  Priority Pass мүчөлүк картасын жана колдонуудагы авиабилетин көрсөтүүсү жетиштүү. Ошол эле учурда кардар, Priority Pass программасына катыша турган, VIP –залдардын ар биринин жайгашкан жери, тейлөө кызматтарынын курамы жана аларды көрсөтүү шарттары тууралуу маалыматты камтыган Priority Pass Справочнигин ала алат.

IAPA клубдук карта

Тез-тез саякаттоочулар үчүн ар бир саякат жеңил, коопсуз, жагымдуу болот жана Сиздин чыгашаларды кыскартууга жардам берет.

Жүргүнчүлөрдүн Авиалинияларынын Эл аралык Ассоциациясы (IAPA), дүйнөдөгү  байыркы жана  эң ири бизнесмендердин-саякатчылардын ассоциациясы болуп саналат.  Ал тез-тез саякаттоочу жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо жана коопсуздук, үнөмдөө жана комфорттулук планында авиа-индустрииясын өнүктүрүү үчүн мындан 35 жыл мурда негизделген. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 200дөн ашык өлкөлөрүндө Ассоциациянын 500,000 жакын мүчөлөрү бар.

Бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча 16 000 ден ашык алдыңкы отелдери жеңилдетилген баалар боюнча тейлөө кызматтарынын толук түзүмүн көрсөтүшөт. ITT Sheraton • Westin • Radisson • Holiday Inn • Inter-Continental • Hyatt • Forum • Hilton International • Kempinski • Leading Hotels if the World • Mandarin Oriental •Marriott • Meridien • Golden Tulip • Ramada International • Supranational • Best Western • Pan Pacific & Resorts сыяктуу отелдердин алдыңкы торуна кирген отелдерде жашоо үчүн эсеп боюнча төлөө учурунда 50% чейин арзандатуу менен жеңилдик ала алат.

IAPA Ассоциациясы жеңилдик берүү менен автоунааларды ижарага алуу боюнча дүйнөдөгү эң жакшы программалардын бирин сунуш кылат. Сиз Avis • Hertz • National/Tilden/Nippon • Europcar сыяктуу фирмалардын тейлөө кызматтары менен колдоно аласыз.

IAPA, чет өлкөдөгү эл аралык аэропорттордун аймагында жоголгон жүктү 48 саттын ичинде 95% чейин табуу мүмкүндүгүн бере турган атайы системасын иштеп чыкты.