Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Ислам каржылоо

«Элдик Банк» ААК Ислам каржылоо алкагында төмөнкү багыттар боюнча өнүмдөрдү жеңилдетилген шарттарда сунуштайт:

  • Ижара МБ - Бизнес - ижара мунтахия биттамлик (Ижара МБ) келишими боюнча андан ары сатып алуу менен мүлк ижарасы
  • Мурабаха Авто –транспорт каражатын жана /же кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен жаңы же колдонулган транспорт каражатын сатып алууга.
  • Мурабаха Бизнес – жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн, жабдууларды, техникаларды, коммерциялык кыймылсыз мүлктөрдү жана башкаларды сатып алууга.
  •  Мурабаха Ипотека – турак-жай кыймылсыз мүлктү (батир, турак жер там, там салуу үчүн жер тилкеси) сатып алуу үчүн.
  • Мурабаха Керектөө кредити – оңдоо жана куруу үчүн курулуш материалдарын, эмеректерди, турмуш-тиричилик техникасын жана башкаларды сатып алууга.
  • Мурабаха Айыл чарба  – өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, айыл чарба техникасы жана башкалар.
  • Мурабаха ФСХ ИБР – өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, айыл чарба техникасы жана башкалар жеңилдетилген шарттарда.

 

 

Ислам терезесинин алкагында жеке ишкерлер жана юридикалык жактар ​​үчүн «Ижара МБ - Бизнес» жаңы продуктун сунуштайт.

Каржылоонун максаты:

Ижара мунтахия биттамлик (Ижара МБ) келишими боюнча андан ары сатып алуу менен мүлк ижарасы, анын ичинде:

- Айыл чарба техникасынын бардык түрлөрү жана асылма /чиркегич жабдуулары;

- Атайын техникалар,

- Өнөр жай/технологиялык/өндүрүштүк жана башка жабдуулар;

- Бизнес үчүн имараттар, курулмалар жана башка мүлктөр.

 

Каржылоо шарттары:

  • Алгачкы төлөм: мүлктүн наркынын 10% баштап (биринчи төлөм катары колдонулат)
  • Каржылоо суммасы: 50 000 сомдон баштап
  • Мөөнөтү: 72 айга чейин
  • Сый акы:

- айына 1,42%дан сом менен*

- айына 0,75%дан АКШ долларында*

* (Ижара МБ келишими боюнча ижара акысы катары эсептелет жана мүлктүн мөөнөтүнө жана наркына жараша болот).

 

Күрөө менен камсыздоо:

- Мүлктүн наркынын 30% өлчөмүндө баштапкы төлөмдө -  алынуучу мүлк төлөп кутулуу кепилдиги болуп саналат.

- 30%дан аз баштапкы төлөмдө  - кошумча күрөө (кыймылсыз мүлк) талап этилет.

- Атайын жабдуулар үчүн -  күрөөлүк камсыздоо катары  ал жайгашып  турган жери менен имарат берилиши зарыл.

«Ижара МБ Бизнес»  - бул ислам каржылоо принциптерине ылайык, бизнеске керектүү мүлктү ыңгайлуу шарттарда андан ары сатып алуу  менен ижарага алуу мүмкүнчүлүгү!