Мамлекеттик тил күнү менен!
Урматтуу кесиптештер!
Биздин кылымдар бою жашап келе жаткан Кыргыз тилибиз – мамлекетибиздин баа жеткис зор байлыгы, улуттук уңгубузду, нарк-нускабызды улап турган руханий кенч, көөнөрбөс дөөлөт.
Адамзат коомунун өнүгүшү ар кылка тарыхый окуяларга дуушар болгон өңдүү эле, биздин Кыргыз тилибиз дагы өзүнүн өнүгүү жолунда тиешелүү оош-кыйыштарга дуушар болгонун биз барыбыз тарыхый булактардан жакшы билебиз.
Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда Кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” (17-июль 2023-жылы № 140) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду жана бул мыйзамда мамлекеттик тилди милдеттүү пайдалануу чөйрөлөрү аныкталып, аны коргоо жана сактоо белгиленген.
Мына ушул мыйзамдын чегинде, Кыргыз Республикасынын банк тутумундагы тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик тилде колдонулушун, кардарлардын мамлекеттик тилде тейленишин камсыздоону “РСК Банк” ААК өз иш-аракетинде көңүл чордонунда коюу менен иш алып барып жатканын баса белгилеп кетүү зарыл.
Урматтуу кесиптештер, биз сиздерди ушул биз үчүн өтө маанилүү майрам – 23-сентябрь-Кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болгон улуу тарыхый күндүн белгилениши менен куттуктайбыз.
Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет катары калыптанып, мындан ары дагы өркүндөп-өнүгүүсү жалпыбыздын Кыргыз тилине – мамлекеттик тилге чын ыклас мамилебизден дагы өтө көз каранды экендиги талашсыз.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын жараны катары, ар бирибиздин Кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорку деңгээлде, кеңири алкакта көкөлөтүп туруу жоопкерчилигибиз жемиштүү уланып турсун!
Терең урматтоо менен,
“РСК Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы
Ногаев Уланбек Мелисович