Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Майрам алдындагы жана майрам күндөрү «РСК Банк» ААКнун иштөө тартиби

22 декабря 2023

Майрам алдындагы жана майрам күндөрү «РСК Банк» ААКнун иштөө тартиби

Урматтуу кардарлар!

Майрам алдындагы жана майрам күндөрү «РСК Банк» ААКнун иштөө тартибине көңүл бурууңуздарды өтүнөбүз.

2023-жылдын 30-декабрында «РСК Банк» ААКнын бардык филиалдары жана бөлүмдөрү иштейт жана кардарларды саат 12:00гө чейин тейлейт.

2023-жылдын 30 жана 31-декабрында Акча которуу борборлору (АКБ) жана Кардарларды тейлөө борборлору (КТБ) үчүн дем алыш күндөр.

2024-жылдын 1-январынан 3-январына чейин дем алыш күндөрү.

2024-жылдын 1, 2 жана 3-январында техникалык иштер жүргүзүлөт, ошого байланыштуу RSK24 мобилдүү банкинг бул күндөрү тейленүүгө жеткиликтүү болбойт. Бардык пландаштырылган төлөмдөрдү алдын ала төлөп коюну сунуштайбыз.

2024-жылдын 4 жана 5-январында Кардарларды тейлөө борборлору иштеген бөлүмдөр жана ишемби иш убактысы менен иштеген филиалдары ачылат.

Маалыматты тактоо үчүн 9111 телефону аркылуу Банктын Байланыш борборуна (ББ) кайрылсаңыздар болот.

Же WhatsApp  (0706) 911 111 номерине, Байланыш борборуна жазыңыз.

Сиздерге дем алыш күндөр көңүлдүү болушун каалайбыз!