Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Ишкер24.okyy санарип билим кербени өлкөбүз боюнча 1500дөн ашуун катышуучуларды топтой алды

18 марта 2024

Ишкер24.okyy санарип билим кербени өлкөбүз боюнча 1500дөн ашуун катышуучуларды топтой алды

Кыргызстанда РСКБанк&MEGA кызматташуу чегинде Ишкер24.okyy республикалык алкакта билим берүү долбоору соңуна чыкты.

Билим берүү кербени 10 күн ичинде өлкөбүздүн бардык аймактарынан 1500дөн ашуун катышуучуларды чогултту. Жолугушуулардын жыйынтыгында ишкерлердин 50%дан ашууну иш-аракетин “Ишкер24” мобилдик тиркеме (МТ) аркылуу жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти – алар үчүн тиркеме тууралуу окутуу жана аны туташтыруу иштери башталды.

Ишкер24.okyy Кыргызстандын бардык аймактарын камтыды: Нарын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас. Ошондой эле, жергиликтүү администрациянын өтүнүчү менен Балыкчы шаарында да иш-чара өткөрүлдү. Негизинен, иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндөгү областтык администрациялардын имараттарында өткөрүлдү.

РСК Банк&MEGA өлкөбүздүн санарип трансформациясынын GovFinTech-алгачкы баштоочулары катары санарип көндүмдөрүн (тактап айтканда, ишкерлерге) окутуп-үйрөтүү милдеттерин да өздөрүнө алышкан.

“Ишкер24”  долбоорун илгерилетүүдөн тышкары, аталган кербендин сапарында ар бир компаниянын учурдагы акылдуу чечимдеринин (smart solutions) негизинде эң эле зарыл болгон мобилдүү финансылык чечимдер боюнча дарстар өткөрүлдү.

Кербендин соңунда бизнес-ассоциациялар жана ишкерлер үчүн борбор калаада масштабдуу диалогдук мастермайнд форматында иш-чара өткөрүлөт.

Урматтуу ишкерлер! 1-июлга чейин патент жокко чыгарылат деп күтүп отура бербеңиздер. Мамлекеттик салык кызматына барбай эле, кезек күтпөстөн жана Мамлекеттик салык кызматынын маалымат тутумдарына түйшүк жаратпастан, “Ишкер24” тиркемесине азыр өтүп алганыңыздар оң. Анткени, мыйзам боюнча жеке ишкерди каттоо 3 жумуш күндү талап этет. Маалыматтарды туура жазуу менен, 1-июлга чейин аракет көрсөңүз,  бул иш бир күндө аткарылып калат!

Бул маанилүү! 15 млн сомго чейин кирешеси бар жеке ишкерлер (ЖИ)  үчүн  Ишкер24 аркылуу каттоодон өтүүдө -  салыктар нөл, отчеттор, ККМ/QR нөл (Соцфондго камсыздандыруу төлөмдөрү гана).

Тиркеменин, ишкерлер тарабынан берилген сунуштардын негизинде, жаңы функцияларды акырындап толуктоо менен, 3 версиясы болот.  Бүтүндөй алганда, “Ишкер24” – бул “бирдиктүү терезе” аркылуу сиздин бизнесиңиздин бардык баскычтарын онлайн коштоо.

Сиздин бизнес санарипте - "бирдиктүү терезеде"!