Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«Ишкер24» тиркемени бүтүндөй өлкө боюнча 20 000ден ашуун ишкер жүктөп алды

09 июля 2024

«Ишкер24» тиркемени бүтүндөй өлкө боюнча 20 000ден ашуун ишкер жүктөп алды

 Кыргыз Республикасындагы салык реформасына жана патенттердин жоюлушуна байланыштуу ишкерлерге (ЧОИ) жардам көрсөтүүдө “Ишкер24” мобилдүү тиркемесин 20 миңден ашык колдонуучу жүктөп алды. Тиркеме сунуштарды чогултуу үчүн ачык каналдар аркылуу ишкерлердин кайтарым байланышынын негизинде системалуу түрдө иштөөнү улантууда. Бул тууралуу MEGA&ЭлдикБанк кызматташтыгынын топ-менеджерлери брифингде билдиришти.

 «Бүгүнкү күндө биздин бул тиркеменин колдонуучулары үчүн эң керектүү тейлөө кызматы жеңил болуп калды – жеке ишкерлер (ЖИ) эми салык кызматына жана банктын филиалдарына барбай, онлайн катталып эле калбастан, башка салык жана финансы кызматтарын да кеңири пайдалана алышат», - деп белгиледи Уланбек Ногаев, «Элдик Банк» Башкармасынын Төрагасы. - Эң зарыл кызматтардын ичинен биз ККМ боюнча электрондук чектерди каттоо жана берүү, салык карыздарын текшерүү, салыктарды төлөө жана отчетторду берүү экенин көрүп жатабыз. Ошондой эле, өткөн аптада биз электрондук эсеп фактура (ЭЭФ) менен иштөө кызматын ишке ашырдык жана биздин иштеп чыгуучулар электрондук товар-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) менен иштөө кызматын аягына чыгара башташты”.

 MEGAнын башкы директору Айбек Күренкеев белгилегендей: “Ишкер24” чакан жана орто бизнес үчүн бир катар артыкчылыктарга ээ. Чечимдин социалдык мааниси бар: жүктөп алуу акысыз, комиссия төлөмдөрү, абоненттик төлөм жок, банк эсебин толугу менен аралыктан ачуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. MEGA абоненттери кошумча артыкчылыкка ээ болушууда: нөл балансы менен деле тиркемени ача алышат, “Ишкер24” колдонууда алардын интернет-трафиги сарпталбайт». Айбек Күренкеев, ошондой эле, 15 миллион сомго чейин жүгүртүүгө ээ болгон ишкерлер үчүн салыктарды төлөбөй, отчет тапшырбай, салык мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн гана төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн белгиледи.

Мега&Элдик Банк кызматташуу долбоордук кеңсесинин жетекчиси Татьяна Шахин-Байло чакан бизнес үчүн патент жокко чыгарылгандыктан бухгалтер жалдабай эле, “Ишкер24” тиркемесин колдонуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Ишкерлердин бул категориясы үчүн отчеттуулук жөнөкөйлөштүрүлгөн: тиркемеден маалыматтар автоматтык түрдө Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилет, ал эми бул маалыматтарды толтуруу бухгалтерди тартпастан өз алдынча өздөштүрүүгө оңой.

Башка кызматтарды колдонуу процесси да жөнөкөй. «Патент жокко чыгарылышы менен, патент талап этилбей турган иш-аракеттер тууралуу суроолорду бизге дагы кайтарым байланыш аркылуу беришти. Ишкерлерге ыңгайлуулук үчүн алардын тизмеси, ошондой эле, тиркемени кантип колдонуу керектиги боюнча окуу видеосу да биздин www.ishker24.kg  сайтыбызда бар», - деп кошумчалады Татьяна. Тиркеме ЖИ (жеке ишкер) статусун тандагандар үчүн, иштеп жаткан ишкерлер үчүн, өз бизнесин ачуу үчүн иштелип чыккан. Кыргыз Республикасында аралыктан иштеп, салык төлөгөндөрдүн арасында  бул тиркемеге суроо-талап жогору болуп жатат.

Тиркемени App Store жана Google Play'ден жүктөп алсаңыз болот, байланышып, сунуш-пикир калтырыңыз, иштеп чыгуучулар менен бирге санарип жардамчыңызды өркүндөтүңүз. «Ишкер 24» - бир тиркемеде чакан жана орто бизнес үчүн салык, финансы жана башка кызматтардын кеңири алкагы. Смартфон аркылуу бизнесиңизди башкарыңыз - жөнөкөй, ыңгайлуу, убакыт жана акча үнөм!

GovFinTech социалдык санарип чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча Мамлекеттик салык кызматы менен өнөктөштүктө иштелип чыгууда.

* ЭЭФ – электрондук эсеп-фактура;

** ЭТТК – электрондук товар-транспорттук коштомо кагазы