Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

«РСК Банк» ААКнун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү

29 марта 2024

«РСК Банк» ААКнун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү

«РСК Банк» ААКнун акционерлери Банктын динамикалуу жана туруктуу өнүгүүсүн белгилешти, мунун далили катары эбегейсиз финансылык көрсөткүчтөрун атоого болот – 2023-жылы таза пайданын өсүшү 𝟐𝟐𝟔% түздү.

Бүгүн «РСК Банк» ААКнун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Джаниев К.И., Акционердик коомдор менен иштөө башкармалыгынын башчысы  Малбашев Т.Ж., Улуттук банктын өкүлдөрү жана РСК Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө РСК Банктын тапкан 100% пайдасын дивиденддерди төлөөгө бөлүү чечими кабыл алынды.

Эске сала кетсек, Банк өлкөнүн бюджетин түзгөн ири компаниялардын бири болуп саналат.

Ошондой эле чогулушта жылдык финансылык отчет жана бюджет бекитилип, банктын 2024-жылга карата өнүгүү багыттары аныкталды.

РСК Банк толук санарип трансформациясы, бизнес-процесстерге инновациялык ыкмаларды киргизүү жана ESGдин активдүү күн тартиби боюнча иштерди колго алганын өзгөчө белгилей кетүү керек.

Бул процесстер бүгүнкү күндө Банкта тез жана эффективдүү жүрүп жатат жана ийгиликтүү натыйжаларды көрсөтүүдө.

Заманбап санарип технологияларды ишке ашыруунун жана интеграцияланган мамлекеттик финтех экосистемасын түзүүнүн алкагында өткөн жылы РСК Банк менен MEGA мобилдүү оператору биргелешип кызматташууну жарыялашкан. 2024-жылдын март айында ишкерлер үчүн “Ишкер24” уникалдуу мобилдүү тиркемеси иштелип чыгып, сунушталган.

2023-жылдагы аткарылган иштердин үзүрүнөн Банк бир катар маанилүү сыйлыктарга ээ болду:

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин “2023-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты мамлекеттик ишкана”;
  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынан “Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү”;
  • Банк Дүйнөлүк сактык жана чекене кызмат көрсөтүүлөр институтуна (WSBI) мүчө болду;
  • Корпоративдик жоопкерчилик жана туруктуу өнүктүрүү багытында  БУУнун Глобалдык келишимине кошулду.

Эске сала кетсек, РСК Банк 1996-жылы негизделген. Акциялардын 100%ы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке таандык. Иштеп келе жаткан жылдарда Банк өзүнүн ишенимдүүлүгүн тастыктап, калктын ишенимине ээ болду, бул кардарлардын санынын тынымсыз өсүп жатышы жана көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүнүн көбөйүшү менен далилденүүдө. РСК Банк кардарлардын учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүн эске алуу менен, өнүгүүнү жана өркүндөөнү улантууда.