Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

“Айыл чарбасын каржылоо – 13” мамлекеттик долбоору ишке кирди

25 февраля 2025

“Айыл чарбасын каржылоо – 13” мамлекеттик долбоору ишке кирди

«Элдик Банк» ААКсы 25.02.2025-жылдан баштап «Айыл чарбасын каржылоо - 13» мамлекеттик долбоору боюнча насыя алуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталганын жарыялайт.

Долбоорунун алкагында 10% менен жеңилдетилген насыя төрт багыт боюнча берилет. Булар:

  • мал чарбачылыгы
  • өсүмдүк өстүрүү
  • айыл чарба техникасын лизингге берүү
  • сууну үнөмдөөчү сугат технологиясы жан күнөскана чарбасы

Насыяны жеке адамдар жана чарбалык субъектилер ала алышат.

Насыянын суммасы:

- 3 жылдык мөөнөткө мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү колдоо:

  • 300 000 сомго чейин – күрөөсүз;
  • 1 000 000 сомго чейин – күрөө менен камсыз кылуу.

- 3 жылдык мөөнөткө сууну үнөмдөөчү сугат технологиялары жана күнөскана чарбасы:

  • күрөөлүк негизде 1 000 000 сомго чейин.

- 20% баштапкы төлөм менен 7 жылдык мөөнөткө айыл чарба техникасын лизингге берүү:

  • 50 000 000 сомго чейин, күрөө – лизинг предмети.

Толук маалымат алуу үчүн Элдик Банктын филиалдарына кайрылыңыз.