БАНКТЫК КЕПИЛДИКТЕР (ГАРАНТИЯЛАР)
Банк кепилдиктердин төмөнкүдөй түрлөрүн берет:
- Сунуштарга (тендердик, конкурстук) кепилдик – Принципалга карата мамилеси боюнча тендер уюштуруучу-тараптын төлөмдүк талаптарын камсыз кылуу.
- Аванстык төлөмдү кайтаруу кепилдиги – товарларды, кызматтарды жана контрактта шартталуу менен башкаларды берүү учурунда Принципал тарабынан өзүнүн милдеттемелери аткарылбаган учурда, аванстын суммасын(же анын колдонулбаган бөлүгүн) кайтарууга карата Банктын милдеттемеси.
- Тарифтер менен ушул жерден таанышууга болот.
- Аткаруу кепилдиги – түзүлгөн контракт (келишим) боюнча Принципал тарабынан өзүнүн милдеттемелери аткарылбаган жана талаптагыдай аткарылбаган учурда, анын талабы боюнча сүйлөшүлгөн суммаларды, айыптарды Бенефициарга төлөп берүүгө Банктын милдеттемеси.
- Төлөмдүк кепилдик – Бенефициардын алдында Принципалдын төлөм милдеттемелерин камсыз кылуу боюнча Банктын милдеттемеси. Кепилдиктин ушул түрү, Принципал тарабынан товарларды (кызматтарды) алган фактысы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда же товардык насыяны колдонуу учурунда колдонулат.
- Бажылык төлөмдөр боюнча кепилдик – бажылык алымдарды жана жыйымдарды төлөөнү камсыз кылуу боюнча Банктын милдеттемеси. Бул кепилдик, бажылык төлөмдөрдү жана бажылык органдарга керектүү чыгашалардын, айыптык санкциялардын жана башка суммаларды камсыз кылуу үчүн импорттоо-ишканалары үчүн берилет.
- Контр-кепилдик – кепилдиги, бул Принципалдын өтүнүчү боюнча ошол Банк тарабынан Бенефициарга бериле турган кепилдикти камсыз кылуу максатында, башка Банктын, анын ичинде чет элдик Банктын пайдасына Банк тарабынан берилиши мүмкүн.
Кепилдиктер төмөнкүдөй шарттарда чыгарылат:
- Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен;
- Принципалдын өзүнүн акча каражаттарын күрөөгө коюу менен;
- Принципалдын кепилдигин камсыз кылуу үчүн берилген үчүнчү жактардын акча каражаттарын күрөөгө коюу менен чыгарылат.
Банктык кепилдикти колдонуудагы Сиздин артыкчылыктарыңыз:
- тобокелдиктерди минималдаштыруу, эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана келишимдик милдеттемелерди аткаруу учурундагы коопсуздук;
- сатып алуучу тарабынан өзүнүн милдеттемелерин толук көлөмдө же кепилдик төлөмдү алуу учурунда анын кандайдыр бир бөлүгүн аткарбаган учурда;
- контрагенттердин базасын кеңейтүү, товарды өткөрүү рыногун көбөйтүү мүмкүндүгү;
- алдын ала акысын төлөөсүз товарларды алуу мүмкүндүгү;
- жеткирилген товар үчүн сатуучудан төлөмдүн мөөнөтүн узартуу менен алуу мүмкүндүгү;
- товарды жеткирүүнүн мөөнөттөрү сатуучу тарабынан бузулган учурда сүйлөшүлгөн өлчөмдө компенсацияны алуу.
Толук презентация бул жерде
Аккредитивдерге, кепилдиктерге жана инкассого карата бардык маселелер боюнча Сиз төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыз болот:
Башкы офис, Жаш Гвардия бул., 37а, тел. 65-38-14, 46-07-21
Бишкек шаарындагы, ошондой эле республиканын аймактарында жайгашкан, Банктын филиалдары.
Зарыл болсо, филиалдардын кардарлары үчүн Башкы офистин кызматкерлери: 65-38-14, 46-07-21 телефону боюнча бардык керектүү консультацияларды өткөрүшөт.
Тарифтер менен ушул жерден таанышууга болот.